КР УКМК тарабынан Чүй облусунун көзөмөл-өткөрүү пункттарында жана стационардык пункттарында коррупциянын көрүнүштөрүн аныктоого, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майлардын КР аймагына контрабандалык жол менен кирүүсүнө бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Жыйынтыгында, солярка жүктөлгөн 2 оор жүк ташуучу унааны кармашкан.

Чалдыбар айылындагы жеке үйлөрдүн биринде эч кандай коопсуздук нормаларын сактабастан күйүүчү-майлоочу майларды Казакстан Республикасынан чакан партиялар менен алып чогултуп турган. Андан кийин сатуу үчүн түштүк аймактарга оор жүк ташуучу унаалар менен жөнөтүлгөн.

Маалыматты каттоо журналына катталган материалдардын негизинде, 2023-жылдын 3-мартында “Сосновка” стационардык постунда 2 “DAF” автоцистернасы кармалган. Текшерүүнүн жыйынтыгында пломбалардын бүтүндүгүн бузуу, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майларга жасалма коштоочу документтерди колдонуу фактылары аныкталган. Бул унаалар айып унаа токтотуучу жайга киргизилип, мөөр басылды.

Учурда “Чалдовар-авто жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда жайгашкан көзөмөлдөө кызматтарынын (МСК жана ЧК) тиешелүү кызмат адамдарынын чөйрөсүн аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.