Кыргызстанда ушул жылдын 1-мартынан тартып жарандарды мөөнөттүк жана альтернативдик жазгы аскерге чакыруу башталды.

КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Чакыруу башкармалыгынын башчысы Сардарбек Каиповдун маалымат жыйынындагы билдирүүсүнө караганда,  10-марттан тартып жарандар аскерге жөнөтүлө баштайт. Өнөктүк 12-майга чейин уланат. Бул аралыкта 2 миңдей жаран аскерге чакырылат.

“Чакырык башталганга чейин аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга тийиш болгон жарандарга аскер комиссариаттары тарабынан изилдөө жүргүзүлдү. Изилдөө алардын жашаган жери боюнча ата-энелери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жүргүзүлүп, анын натыйжасында жарандарды жөнөтүүдөгү объективдүү чечим кабыл алууга толук маалымат менен камсыз болушту. 18 жаштан 25 жашка чейинки мөөнөттөн кийинкиге жылдырууга же чакыруудан бошотууга укугу жок жарандар иликтөө жана чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына келүүгө тийиш", - деди Каипов.