Кыргызстандагы бир катар жарандык активисттер, укук коргоочулар жана журналисттер Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткан аялдарды үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен бийликке кайрылды.

Алар сот шектүүлөрдү камакка алууда балдарын, жашын, коомго кылган эмгегин жана туруктуу жашаган жери бар экенин эске албаганын билдирип, саясатчылар Клара Сооронкулованы, Рита Карасартованы, Гүлнара Журабаеваны, Асия Сасыкбаеваны үй камагына коё берүүнү сунушташты.

Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-17-февраль күндөрү карап, көпчүлүгүн абактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан. Үй камагына чыккандар: Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев.

Ушул тапта оппозициялык саясатчылар Равшан Жээбеков жана Клара Сооронкулова ооруканада. Алар дарылануу мөөнөтү бүткөндөн кийин тергөө абагына кайтарылат.