Жалал-Абад эли менен болгон жолугушуусунда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эркектерди аялзатын сыйлоого чакырды. 

"Энелерди, эжелерди, карындаштарды, келиндерди сыйласак, аларды кор кылбасак, эртең мамлекетибизди бага турган, коргой турган, жакшы турмушка жеткире турган уул-кыздарды төрөшөт. Ушуну эстен чыгарбаңыздар. Келиндерди кыйнап, кызды кордоп эч убакта жакшылыкка жетпейбиз. Күчтүү мамлекет болуунун бирден бир себеби аял кишиге жасаган мамиледе жатат. Ушул убакка чейин көбүбүз билбей жүрдүк, билсек да кол шилтеп койдук. Эми мамилебизди өзгөртөлү. Аялдарыбыз жакшы уул-кыздарды төрөп берсин, мына, ошондо аксакал болгон чагыбызда мамлекеттик сактай турган, коргой турган уулдарыбыз бар деп коркпой үйдө отурабыз. Эркектерге айтып койдум, түшүнгөндөр түшүндү, түшүнбөгөндөр мындан ары түшүнүп калат деген ойдомун", - деди Камчыбек Ташиев.