Жалал-Абадда эл менен жолугушууда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев калкты улут аралык бөлүнбөй, ынтымакта жашоо кечирүүгө чакырды. 

"Кыргызстанда жашап жаткан бардык улуттар: кыргыз, өзбек, татар, орус ж.б.лар биригип, бир муштум болуп, бир мамлекеттин элибиз деген түшүнүктү сиңиришибиз керек. Бөлүнүп-жарылгандар, улут-улутка бөлүп, ал аркылуу жаман нерсе кылам дегендерге чара көрөбүз. Кыргызстандын жаранысыңбы - баарың бирдейсиң, бирдей укукка, бирдей мыйзамга, бирдей тартипке баш ийүүгө милдеттүүбүз. Аксакалдар аны жакшы билишет, мен жаштарга сабак болсун деп айттым", - деди Камчыбек Ташиев.