-Түркиядагы зилзала үй курган компанияларга талапты күчөтүү керектигин эске салды. Эми Кыргызстандагы  компанияларга дагы кырсыктын алдын алуу максатында жоопкерчилик жүктөлүшү керекпи?

- Негизи 12 баллга чыдаган көп кабаттуу үй курса болот. Бирок абдан кымбат турат. Кыргызстандагы үй курган компанияларга жоопкерчилик өтө катуу жүктөлсө 90 пайызы жабылат. Зилзаланын табиятын алигиче эч ким толук билбейт жана ага каршы эч ким 100 пайыз кепилдик бере албайт. Учурда үйү жоктор өтө көп жана көбөйүүдө. Абдан корккондор боз үйгө жашашы керек же  менчик бир-эки кабаттуу тамдарга аракет кылышы керек.