- Түркиядагы зилзаладан кийин Кыргызстандагы үй курган компанияларга жоопкерчиликти күчөтүү зарылбы?

-Алгач Бишкек жана Ош шаарларындагы жаңыдан курулган көп кабаттуу үйлөрдү адистердин катышуусу менен текшерип чыгуу зарыл. Өзгөчө Бишкектин түштүк тарабындагы мурда тыюу салынган Ысык-Ата жаракасынын тегерегине салынган курулуштарды. Жыйынтыгы боюнча тез арада чара көрө башташ керек: мыйзамсыз курулгандарын бузуп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартып дегендей. Анан, албетте, курулуш процессин жөнгө салган мыйзамдарды жана башка ченемдик-укуктук актыларды тез арада ревизия кылып, кайра иштеп чыгуу керек.