Опузалап акча каражатын талап кылган уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында иш алып барган. Жыйынтыгында, Ош облусунун тургунунан 14 миң 500 доллар талап кылганы аныкталганган кийин тергөө органдарынан жашырынып жүргөн эки жаран кармалган. Кармалган Г.У.Н. менен Н.А.А. «Женго» каймана аттуу К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү болуп чыгышкан. КР УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган кылмышты жасагандыгы боюнча мурда Э.А.А. жана Ж.С.Т. кармалган, бирок Г.У.Н. жана Н.А.А. кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында Бишкек жана Ош шаарларында жашырынып жүрүшкөн.

Г.У.Н. жана Н.А.А., мурда "каракчылык" жана "каракчылык" беренелери боюнча бир нече жолу соттолушуп, Жазасынын өтө элек мөөнөтүнө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №43-колониясында каттоодо турушкан.

Кармалган Н.А.А., колонияга каттоого туруктуу келбегендигине байланыштуу, КР ИИМ тарабынан издөөдө жүргөн. 

Азыркы учурда кармалгандардын мындан башка кылмыштарга тийешеси бар экендиги текшерилүүдө.