Бишкек шаарынын аймагында синтетикалык баңгизаттарды даярдоо жана сатуу боюнча лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, атайын кызматтын баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында, аталган лаборатория аныкталган. 

"Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2023-жылдын 4-февралында аталган баңги топтун мүчөлөрү, чет элдик жарандар кармалышты, аларды тинтүү учурунда марихуана баңгизаты, «Мефедрон» синтетикалык баңгизатын жасоо үчүн прекурсорлор жана ошондой эле тийиштүү приборлор жана аларды даярдоо боюнча нускамалар табылып алынган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, «В.М.В. аттуу чет элдик жаран күнөөсүн мойнуна алып, баңгизат боюнча лабораторияны түзүү аракетин тастыктады, андан соң ал КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан аталган баңгиканалынын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда", - деп айтылат маалыматта.

УКМКга келип түшкөн маалыматтарга ылайык, учурда республиканын аймагында синтетикалык баңги заттарды колдонуунун жана жайылтуунун өсүү тенденциясы байкалууда, өзгөчө жаштар арасында улуттук коопсуздукка жана өсүп келе жаткан муундун ден соолугуна реалдуу коркунучтарды жаратарын эскертет.

Ушуга байланыштуу, КР УКМК төмөндөгүдөй маалыматтар болсо   0312660475 номуруна чалып билдирүүгө чакырат.