ИИМдин коллегиясында министр Улан Ниязбеков жыл мыктыларын сыйлоо учурунда мындай деди:
"Кайсы бир мезгил өтүп, убакыт алмашып, коом өзгөргөн учурда сиздердин эл үчүн, коомубуздун тынчтыгы жана туруктуулугу үчүн жасаган эмгегиңиздер эскерилип, кыргыз милициясынын басып өткөн тарыхында сакталып калат.
Анткени, биздин заманга чейинки мезгилде, ат туягынан чаң ызгытып, элди-жерди коргоп, жалпы журт арасында тартипти камсыздаган эр жүрөк ата-бабаларыбыздын эрдиктери бүгүнкү күндө ар бирибиздин жан дүйнөбүздө бекем орноп турат.
Улуу Ала-Тоону мекендеген, айкөлдүктү сүйүп, кутман жерибизден таалим-тарбия алып, өйдө-төмөн турмушта кылычтай бекем курчуган, акыйкаттыкты, калыстыкты жогору коюп, намысты туу туткан кадырман журтубуздун коопсуздугун коргоо - бул ар бир милиция формасын кийген кызматкердин жана менин өлкөм Кыргызстан деп жүрөгү соккон адамдын ыйык парзы деп билем.
Ардагерлерибиздин көмөгү, Президентибиздин, Министрлер Кабинетинин жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунда, эң башкысы жалпы элдин ишеними менен узак жол, кыйын сапар, татаал сыноолордон өтүп келе жатабыз. Ардагерлер эрдиктин үлгүсү, ишенимдүү камкорчулар жана милициянын мыкты салттарын улантуунун кепилдиги болуп келишкен жана болуп кала беришет. Ардагерлердин түздөн-түз катышуусу менен ондогон жана миңдеген кылмыштарга бөгөт коюлуп, бети ачылган. Учурдан пайдаланып ардагерлерди да алгын сыйлыктары, татыктуу наамдар менен чын дилимден куттуктаймын жана Ардагерлердин жалпы курамына ыраазычылыгымды билдирем".
Андан кийин сөз алган ИИМдин коллегиясында Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев сөз сүйлөп ички иштер органдарынын каада-салттарын кармоодогу Ардагерлер уюмдарынын жогорку ролун өзгөчө белгиледи. Милиция кызматкерлеринин жаңы муунун тарбиялоодо, аларды патриоттук сезимге, Ата Мекендин алдындагы жоопкерчиликти жана милдетти так аткарууга тарбиялоодо, офицердик жан дүйнөсү менен милдетти жана ар-намысты так түшүнгөн улуу адамдардын кесиптик жана турмуштук зор тажрыйбасы өтө зарыл. Ардагерлер уюмдары ички иштер органдары системасында өзгөчө орунду ээлейт жана азыркы шартта министрликтин ишмердүүлүгү ардагерлердин жардамы жок мүмкүн эмес жана өздөрүнүн ак ниет кызматы үчүн коллегия катышып жаткан жетекчилерге жана ыраазычылык билдирди.
ИИМдин 2022-жылдагы кызматтык ишмердүүлүктөрү боюнча ички иштер органдарынын Ардагерлеринин мыкты кеңештери аныкталды. Ошентип, ардагерлер кыймылын өнүктүрүүгө, жаш кызматкерлерди патриоттук жана адептүүлүккө тарбиялоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө, коомдук тартипти сактоого көмөктөшүүгө кошкон зор салымдары үчүн ведомстволук жана акчалай сыйлыктар менен төмөнкүлөр сыйланышты:
Борбордук аппарат боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Эң мыкты Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүсү ИИМдин ыкчам кызматтарынын Ардагерлер кеңеши болуп, «Эң мыкты Ардагерлер кеңеши» номинациясындагы вымпел, диплом жана акчалай сыйлык менен Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Жамбулбай Жаныбаев сыйланды.
«Мыкты Ардагерлер кеңеши» номинациясындагы вымпелдер жана дипломдор менен Ички иштер министрлигинин Финансы-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын Ардагерлер кеңеши менен Ички иштер министрлигинин Академиясынын Ардагерлер Кеңешине вымпел, диплом жана акчалай сыйлык ыйгарылды. Бул Ардагерлер кеңешинин төрагалары милициянын отставкадагы полковниктери Бакытбек Жеентаев менен Төлөгөн Илимгазиев.
«Татыктуу Ардагерлердин кеңеши» номинациясындагы вымпелдер жана дипломдор менен Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунун Ардагерлер кеңеши, Ички иштер министрлигинин Кесиптик дене-тарбия башкармалыгынын (“Динамо”) Ардагерлер кеңеши, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын Ардагерлер Кеңеши вымпел, диплом жана акчалай сыйлык ыйгарылды. Бул Ардагерлер кеңешинин төрагалары милициянын отставкадагы полковниктери Кубанычбек Сатыбалдиев, Сабыр Турусбеков, Гүлбар Абдуллаева.
Кыргыз Республикасынын ИИОнун облустары боюнча «Эң мыкты Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүсү болгон «Эң мыкты Ардагерлер кеңеши» номинациясындагы вымпел, диплом жана акчалай сыйлык Талас облустук ИИБдин ардагерлер кеңешине ыйгарылды.
«Мыкты Ардагерлер кеңеши» номинациясындагы вымпелдер жана дипломдор менен Ош облустук ИИБдин Ардагерлер кеңеши менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңеши вымпел, диплом жана акчалай сыйлык ыйгарылды. Бул Ардагерлер кеңештеринин төрагалары милициянын отставкадагы полковниктери Курсанбек Камчиев менен Самудин Айдаров.
«Татыктуу Ардагерлер кеңеши» номинациясындагы вымпелдер жана дипломдор менен Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңеши, Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңеши, Баткен районунун Ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңештерине вымпел, диплом жана акчалай сыйлык ыйгарылды. Бул Ардагерлер кеңештеринин төрагалары милициянын отставкадагы полковниктери Жеңиш Келдибаев, Касым Кадыров жана милициянын отставкадагы майору Ниймат Арапов.
Мындан тышкары, «Үлгүлүү Ардагерлер кеңешинин төрагасы” дипломдору менен төмөнкү Ардагерлер кеңешинин мыкты төрагалары сыйланышты:
- ИИМдин 7-Башкы башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин төрайымы милициянын отставкадагы полковниги Клара Абдылдаева;
- Жалал-Абад облустук ИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков;
- ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Жолдошбек Черикчиев;
- Нарын облустук ИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы майору Калыбек Кыдыкбеков;
- ИИМдин Карантиндик кызматынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдыбек Молдошев.
Ошондой эле, ардагерлер кыймылына активдүү катышкандыгы үчүн ички иштер органдарынын Ардагерлер кеңешинин бир катар төрагалары кызыктыруучу акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ардагерлердин сыйлыктарын тапшыруу аземдери ИИМдин Борбордук аппараттарында, областтык жана шаардык Башкармалыктардын аппараттарында жүргүзүлдү