Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары болуп журналист Марат Тагаев менен экс-депутат Айнура Аскарова дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов министрдин жаңы дайындалган орун басарларын эмгек жамаатка тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.