Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 1 млн. АКШ долларын алдоо жолу менен алган деп шектелип жатканын кабарлады.
Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, өткөн жылдын 20-сентябрында ИИМдин Тергөө кызматына Б.А. аттуу жаран мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго чара көрүүнү суранып, арыз жазган.
"Жабырлануучу арызында Разаков 2017-жылдын ноябрь-декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 000 000 АКШ долларын алып бербей койгондугун билдирген", - деп айтылат.
Милиция 2022-жылдын 1-октябрында Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү ("Алдамчылык") менен иш козгогон. Разаков 24-январда кармалган. 26-январда шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү ("Алдамчылык") жана 337-беренесинин 4-бөлүгү ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен айыбы угузулду. Тергөө уланып жатат.
Разаковдун бөгөт чарасы бейшембиде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, 24-февралга чейин №1 тергөө абагында кармоо чечими чыгарылды.
Ал сот залына кирип бара жатып парламенттин мурдагы депутаты Арзыбек Буркановдун арызынын негизинде кармалганын ырастады. Анын жактоочусу Айбек Өмүров буга негиз жок экенин айтууда.
Жеңиш Разаков 2012-2016-жылдары Баткендин губернатору, андан кийин өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган.
2017-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2018-жылы президенттин кеңешчиси, 2018-2020-жылдары вице-премьер-министр болуп иштеген. 2020-жылы февралда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу деген жүйө менен кызматтан кеткенин билдирген.
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!