Баткен облусунун аймагындагы аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Анын алкагында, ушул жылдын 22-июнунда «Кольцо» өткөрмө пунктунан КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) «Баткен» бажысы менен бирдикте, Ш.К.А. аттуу КР жаранынын башкаруусундагы «Opel Zafira» маркасындагы авто унаа токтотулган. Унаанын жүк салгычын кароодо кошуна мамлекеттен контрабандалык жол менен алынып келинген 10 куту 660 даана уюлдук телефондор табылып алынган.
Бул факты боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.
24-октябрда Лейлек райондук сотунун чечими менен, аталган уюлдук телефондорду ташууну уюштурууга катышкан КР жарандары У.М.С. жана К.Р.Б., күнөөлүү деп табылып, 320 миң сом айып салынган, ошондой эле мамлекеттин кирешеси катары уюлдук телефондор конфискацияланды.