Чек ара маселесин чечүүдө бир өлкөнүн гана кызыкчылыгы каралбайт, эки өлкө тең өз кызыкчылыгын ишке ашырууга аракеттенет. Мындай пикирин коомдук ишмер Кубанычбек Кантөрөев билдирди. 

Эске салсак, кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча түзүлгөн келишим бүгүн Жогорку Кеңеште талкууланды. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы жогорку деңгээлде каралганын билдирди. 

"Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча абал мурдагыдай калыптыр. Мурдагыдай эле эки эл сууну колдонот, балык уулайт. Албетте, мында бир гана Кыргызстандын кызыкчылыгы боло бербейт да. Кемпир-Абад стратегиялык объект. Аны Өзбекстан эч убакта Кыргызстандын колуна бербейт. Плотинасын берген учурда дагы ичин бербейт. Суу сактагыч Союз маалында курулган, аны деги эле алууга мүмкүн эмес. Плотина жарылып кете турган болсо, алды жагында бүт Өзбекстандын шаарлары, көбүн алып кетет, такыр эле катастрофа болот. Ошондуктан, Өзбекстан рычагды биздин колго бербейт. Аны убагында салдырбаш керек эле. Ал жактан көчүп чыккан ата-энелерибиз, жетекчилерибиз бүгүнкүдөй конфликт болоорун билгенде балким, салдырышмак эмес. Өзү негизи суу сактагычтын бизге анчалык пайдасы жок, суусунун 90 пайызын Өзбекстан колдонот", - деди Кубанычбек Кантөрөев.