Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоого байланышкан маселе каралып жатат. 

Жыйын жабык форматында өтүүдө. Ага катышкан журналисттер кесиптик техникасыз киришти. 

Учурда жыйынга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков, ТИМ орун басары Нуран Ниязалиев, мурдагы депутат Эсенгул Исаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бекболот Талгарбеков, мурдагы депутат Исмаил Исаков, тарыхчы Кыяз Молдокасымов, экс-спикер Медеткан Шеримкулов, укук коргоочу Рита Карасартова, экс-депутат Асия Сасыкбаева, УКМКнын мурдагы төрагасы Токон Мамытов катышууда. 

 Андан тышкары эл өкүлдөрү отурушат.