Бул тууралуу  Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Баткен жана Ош облустарында Тажикстандын куралдуу агрессиялык актысынын натыйжасында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында билдирди. 

«Мамлекет башчы Баткен облусундагы кырдаалды күн сайын көзөмөлдөп турат. БУУнун сессиясына катышуусу мындан 6 ай мурун белгиленген. Өлкөнүн Президенти дүйнөлүк бийик трибунадан биздин аймакка агрессивдүү басып кирүү болгондугун жарыялады. Карапайым элге ок атылып, көпүрөлөр жардырылды, жолдор тосулуп, үйлөр талкаланып, тонолгон, айрым жарандар өзгөчө ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн. Биз кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы 200 чакырым талаштуу аймактарды чечүү үчүн бардык күч-аракетти жана потенциалды жумшайбыз. Кандай жол болбосун биз элдин тынч жашоосун камсыздоо үчүн чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин чечебиз», - деди ал.

Мамлекеттик комиссиянын отурумунда калыбына келтирүү иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан биринчи кезектеги чаралар, куралдуу кагылыштын натыйжасында каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү, чарба субъекттерине келтирилген зыянды баалоо жана аларга компенсация төлөп берүү, ошондой эле кыйраган жана жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү маселеси каралды.

Акылбек Жапаров суук түшө электе бузулган турак жайларды калыбына келтирүү зарылдыгын баса белгиледи. Бул максатта Ош жана Жалал-Абад облустарынан керектүү атайын техникалар жана адистер тартылат.

"Турак жайларды калыбына келтирүү иштери тез арада жүргүзүлүшү керек. Баткен жана Лейлек районунун тургундарына өзгөчө мамиле талап кылынат, алар бардык зарыл нерселер менен толук камсыз болушу керек. Атайын эсепке жарандардан 307 млн сом түшкөн. Бул финасылык каражаттар бир тыйынына чейин Баткен облусунун тургундарына багытталат. Бул маселе менин өзгөчө көзөмөлүмдө турат», - деди ал.

Үйлөрү жабыркаган жана капиталдык оңдоого муктаж жарандарга эки этапта 300 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардамды атайын эсептен бөлүп берүү тапшырмасы берилди. Үйлөрү жабыркаган, бирок капиталдык оңдоого муктаж үйлөрдүн категориясына кирбей калган жарандарга 100 миң сомдон берилет.