Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербургда боло турган КМШ бейформал саммитине катышпайт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев маалымат каражаттарына билдирген.
Айтымында, өлкө башчысынын жумушу көп болгондуктан, катышууга мүмкүн болбогон.
Ал эми президенттин Владимир Путинди 70 жылдык юбилейи менен куттуктоосун мамлекет катчы Сүйүнбек Касмамбетов жеткирет.
Бүгүн, 7-октябрда Санкт-Петербург шаарында КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал саммити болот. Ал Россиянын жана Тажикстандын президенттери Владимир Путин менен Эмомали Рахмондун 70 жылдыгына арналаары айтылган.