Кыргыз элинин айкөлдүгүн, Кыргызстан мамлекетинин кечиримдүүлүгүн тебелеп-тепсеп, жерибизге бастырып кирип, жаш балдардан тартып кары-картаңдарга чейин чымчык аткандай атып кырган Тажикстандын бийлиги жакын арада БУУ баш болгон эл аралык уюмдардын “кара тизмесине” кириши күтүлүүдө. Анткени жакында Президент Садыр Жапаров БУУнун Нью-Йорктогу Башкы ассамблеясында Тажикстандын аскердик агрессиясын дүйнө жүзүнө шардана кылды.

Ал эми ушул жумада Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Европа Биримдигинин Адам укуктары боюнча атайын өкүлү Имон Гилмор мырза менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Анда  А.Абдрахматова И.Гилмор мырзадан Баткен облусунун тынч элине каршы тажик аскерлеринин адамкерчиликсиз, куралдуу агрессиясын чечкиндүү айыптоо менен Тажикстанды чек ара айылдарынын жай тургундарына каршы куралдуу жана башка чагымчыл аракеттерди токтотууга мажбурлоо чараларын көрүүсүн өтүндү.

Жайкын элге каршы жасалган бардык кылмыштар үчүн жоопкерчилик болоорун Тажикистанга билдирүү менен, бүткүл эл аралык демократиялык коомчулук үчүн артыкчылыктуу милдети болгон адам өмүрүн, укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча бардык эл аралык укук коргоо уюмдардын ишмердүүлүгүн күчөтүүсүн суранды. Маек учурунда, Омбудсмен А.Абдрахматова Евробиримдиктин атайын өкүлүнө 19-сентябрдан бери Акыйкатчы аппарат кызматкерлери менен бирге Баткен облусунун бардык жабыркаган айылдарын кыдырып, 400дөн ашык жай тургундар менен, алардын көбү Тажикстандын аскер агрессиясынан улам качууга аргасыз болгон аялдар менен маектешкенин билдирди.

Сыягы, Тажикстандын канкор президенти Э.Рахмон кыргыз бийлиги менен коомчулугунан мындай фашисттик мамилесине эл аралык укук менен мыйзамга таянган жооп болот деп күтпөсө керек. Эми бүтүндөй Тажикстан эл аралык абройлуу уюмдардын кысымына кабылышы бештен белгилүү болуп калды. Бул бери дегенде эле грант, кредит, инвестиция кан буугандай токтоп, Э.Рахмон баш болгон тажик генералдары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Гаага жана башка эл аралык соттор тарабынан өзүнө жараша жазасын алат дегендик.