Кыргыз-өзбек чек арасын толук кандуу чечүү үчүн Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу түзүлгөн келишим коомчулуктун талкуусунда. Айрымдар келишим кабыл алынса, Кыргызстан утулуп калат деген пикирди карманып жатышат. Экс-депутат Ташболот Балтабаев чек араны компромисс менен гана чечүүгө болоорун белгиледи. 

"Чек ара боюнча менде маалымат жок, ошондуктан туура же туура эмес болуп жатат деп айта албайм. Бирок чек ара боюнча мен дайыма бир нерсени белгилеп келем - компромисс болмоюнча бул маселени чечүү кыйын. Өзбекстан менен чек арабызды чечип алуу азыркы шартта абдан маанилүү, анткени, тажиктер менен акыбалыбыз оордошуп кетти. Мындай учурда экинчи тарап менен сүйлөщүү, тынчтык жолу менен чечүү абдан зарыл", - деди Ташболот Балтабаев.