Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе коомчулукта катуу талкууга алынууда. Буга байланыштуу, суу сактагычтын тарыхын, учурдагы маселенин келип чыгуу себептерин билбеген жарандар ал тууралуу маалымат бөлүшүүнү суранган билдирүүлөрдү соцтармактарда калтырып жатышат.
Мисалы, Мурзабек Мырза аттуу Фейсбуктун колдонуучусу:
"Акыркы 20 жылда (30 жыл дебей эле койоюнчу):
- Кемпир-Абадды ким көзөмөлдөп келди?
- Балык кармоо, суу алуу мүмкүн беле?
- Өзбекстан менен чек арада канча киши курман болду?
-Эгерде, эртең бул 36-протокол ратификациядан өтпөсө, суу сактагычты пайдалана алабызбы, же жокпу?" - деген билдирүү жазды.
Жооп:
1. Суу сактагычты 1965-жылдан бери толук бойдон Өзбекстан көзөмөлдөйт.
2. Балык кармоо үчүн кирген бир нече кыргызстандык Өзбекстандын суу сактагычты кайтарган аскерлери тарабынан кармалып, коңшу өлкөнүн аймагына киргизилип кеткен. Ок атылып, адам өлгөн, жарадар болгон учурлар кездешкен. Анын баары убагында маалымат каражаттарына жарыяланган. Мындан улам, кыргызстандыктар суунун жээгине дагы жакындай албай калышкан. Бул боюнча атайын эки тараптык сүйлөшүүлөр жүргөндөн кийин гана өзбек аскерлери катерлер менен жээктерди текшерүүгө келбей калышкан.
3. Өзбек-кыргыз чек арасында акыркы 30 жылдын ичинде 20дан ашуун жаран курман болуп, 100дөн ашуун киши ар кандай жарааттарды алганы белгилүү. Алардын баарына ок тийген жана миналардын жарылганынан жабыркашкан.
4. Азыркы сүйлөшүлгөн шартка ылайык, балык кармоо, мал суугаруу, сууну насос менен каалашынча тартып алып пайдаланууга болот. Суу сактагычтын жээгине тор тосмолорду орнотууга болбойт. А эгерде бул толук бүткөн макулдашуу кайра артка кайтарылса, анда абал мурдагы бойдон калат жана ал алдыда дагы көп чырдын башы болуп бериши мүмкүн. Келишимдин негизинде, бизге өткөн Гавасай, Көк-Серек, Баястан, Кара-Белес, Унгар-Тоо жана Өзгөн менен Сузактагы 1000 гектар жер, Кара-Суудагы 100 гектар жер, Кемпир-Абадга караштуу 1246 гектар жери артка кайтарылат жана суу кайрадан 98 горизанталга которулат. Бул менен өтө чоң жоготууга учурайбыз.