Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка караганда, 5-октябрь күнү саат 17:15 чамасында Жалал-Абад шаарынын, Кыргыз Республикасы көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн чатырына  аял киши чыгып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылууда деген маалымат келип түшкөн.

Жерине ыкчам түрдө КР ӨКМнин №58 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, турак үйдүн 4-кабатындагы батирдин эшигин бузуп кирип, жаранды куткарып калышкан.

Куткаруучулар аялды ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Аял киши мас болгондугу аныкталган.