Бүгүн, 6-октябрда парламент жыйынында депутат Арсланбек Малиев мамлекеттик туу, гимн жана гербди өзгөртүү сунушун жолдоду.
Анын айтымында, туунун түсүн, гимндин сөзүн, гербдин белгисин алмаштыруу керек.
"Азыркы гербди карасак, жөн эле жакшынакай сүрөттү көрөбүз. Тарыхта кыргыздардын эн тамгалары бар, анын ичинен Манастын эн тамгасы эң татыктуу. Туубузду болсо, Советтик парламент кабыл алган. Кыргыздын нукура желегинин түсү - көк", - деген депутат бул боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатканын айтты.
Ал эми гимнди "Кыргыз жерине" эле алмаштыруу керек дейт. Ал үчүн автор менен биргеликте айрым сөздөрүн өзгөртүп койсо эле, даяр гимн болоорун белгиледи.
Жогорку Кеңештин жыйынында бүгүн, 6-октябрда депутат Арсланбек Малиев мамлекеттик туу менен гимнге өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Ал желектин түсүн, гимндин сөзүн алмаштыруу керек дейт.