"Элдик көзөмөл" коомдук бирикмесинин төрагасынын милдетин аткаруучу Орозбек Алымжанов 200 миң сом пара менен кармалганы айтылган. Бул боюнча коомдук ишмерлер КР президенти С.Н.Жапаровго жана УКМК төрагасы К.К.Ташиевге кайрылышты. 

- Урматтуу Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич!

Орозбек Алымжанов – чынчыл, таза инсан. Садыр Нургожоевич адилетсиз, мыйзамсыз айыпталып, түрмөгө камалганда бийлик каарынан коркпой каршы туруп, Жапаровду колдоо коомдук уюмун, фондун жетектеген. Жапаров бийликке келгенде мамлекеттик кызмат сурабай, адилетсиздик, мыйзамсыздык менен күрөштү улантып, коомдук көзөмөл уюмун жетектеп келатат. Ушул багытта Турсунай Каримова аттуу жаран азыркы Ленин райондук сотунун төрайымы Кымбат Архарова күйөөсү Султан экөө андан 2007-жылы 6600 долларга автомашина сатып алышып, 10 жылга жакын акчасын беришпегенинен ал кездеги президент Атамбаевге, андагы Жогорку сот төрайымы Феруза Жамашовага арызданып, Архаровадан 3000 доллар өндүргөнүн, бирок алардын кыстоосу менен “акчамды алдым, кайыр доом жок” деп тил кат жазууга аргасыз болгонун, калган 3600 долларды мурдагы Биринчи майдан которулуп, азыр Ленин районунун сотунун төрайымы Архарова кызмат даражасына таянып бербей келатканын билдирип, Алымжановго кайрылган. Жашы 70ке таяган, жарымжан кызы бар Каримовага боор ооруп, Алымжанов Архаровага жолугуп, “ушу кишинин акчасын берип койбойсузбу” деп талап кылган. Анда сот Архарова УКМКга кайрылып, 200 миң сом берип карматкан. Азыр басма сөздөрдө дуу болгондой бул пара эмес, карыз акчаны кайтаруу. Алымжанов Архаровага: “Акчаны Каримованын өзүнө бериңиз”, - дегенине “мен аны көргүм келбейт, сизге берейин, сиз ага берип коёсуз да” - деген.  Архарова ал кезде Биринчи Май районунун соту болуп туруп сот төрагасы Мидин экөө  Каримованы “ушул акчаны ал да “3000 миң доллар алдым, кайыр-доом жок” деп жаз” дешип тил кат жаздырганына таянып, автомашинанын калган 3600 долларын бергиси келбеген. Каримовада автомашина 3600 эмес, 6600 доллар тураарын тастыктаган документтер бар.

Ленин райсот төрайымы Архарова УКМКга кайрылып, коопсуздук кызматкерлери ишти адилет карабай, ак кишини негизсиз айыптап паракор кылып мыйзам, адилеттик бузуп жатканын кылдат текшерип чыгууңуздарды суранабыз.

                                                                                               Жеңишбек КАЧЫКЕЕВ,

                                               атайын кызматтын отставкадагы полковниги,

                                                                                                          Ахунбай КОШОЕВ,

                                   ички иштер министрлигинин отставкадагы кызматкери,

                                                                                              Өмүрзак ТӨЛӨБЕКОВ,

                                                                                                           кино продюсер,

                                                                       ошондой эле “Мекенчилдер”