- Кыргызстанда кадрдык жүрүш болуп, кечээ бир заматта төрт министр кызматтан кетти. Бул кадрдык кризисти билдиреби же ишти башка нуктан баштоого аргасыз болгон жагдайдан кабар береби?

- Өкмөттүн курамын көрсөң, бир эле ой кетет: "отдел кадрдын" штаб квартирасы Лондонго деп...   Өкмөттүн авансценасында баягы эле либералдык экономикалык коз карашы бар  алып сатар-коммерсанттар эле. Дүйнөлүк либералдык, спекулятивдик каржы-экономикалык система урап баратса бизде эски ыкма менен экономиканы өстүрөбүз деген - бул абсурд .  Классикалык политэкономикалык, консервативдик жашоо-эрежеге өтмөйүн экономика реалдуу өспөйт. Фундаменталык, системалык өзгөрүү керек эле бизге.  Демек, алдыда кыйынчылыктар күтүп жатат өлкөнү.

Кыргызстан бай, өсүп-өнүгө турган  өлкө. Туура жолго түшүшү керек. Кыргызстандын экономикасын, башкаруу системасын талкалаган батыштын идеологиясынан жана каржы-экономикалык системасынан чыкмайын, мамкызматта терең эшолондолуп кеткен либердык алып-сатар кадрлардан айрылмайынча, өлкө өнүкпөйт, өлкөдө стабилдүүлүк болбойт. Бул аксиома.