- Эмнегедир “Раим-миллиондун” таскагы катуу чыга баштады. Өзү Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын кеңсесинин курулушуна демөөрчү болуп, капсула салды. Жеке блогерлер анны айга-күнгө теңеп, Кыргызстан ага азыр муктаж болуп тургандай эпитеттерди жазып чыгарышууда. Кыргыз тарыхындагы эң бир талкууланган фигура – Райымбек Матраимовдун көлөкөдөн чыгышы эмненин белгиси? Ага караштуу паирщиктер бийликти сындап калганына караганда, “Раим-миллион” кезектеги башаламандыкка спонсор болгону жатабы?

- Райымбек Матраимовдун ооматы  Атамбаевдин учурунда келип, жылдызы жанганын элдин баары билет. Бирок, кийин Жээнбековдун учурунда бийликтен кеткени менен бир топ  чоң тойлорду өткөрүп, бийликтеги ар бир аткаминер  менен мамилесин бышыктап жүрүп отурду. "Түштүк тарапты Матраимов эле тескеп турат экен" деген дагы имиштер чыга калып жүрдү. Кыскасы,  акчалуу адам катары көптөгөн  журналисттердин  көзүн кызартып, кандай болгон күндө да жандаша калып, жем жеп калгысы келгендердин  мактагана мактап, жамандаганы жамандап  каалашынча көзүнө  чалдыгып калуу аракетинде болуп жатышып жүдөтүп жиберишти. Акыры, азыркы бийлик келген күндөн баштап  УКМК  Матраимовдун  мамлекетке  эки миллиард сом зыян келтиргенин таап чыгып, аны төлөтүүнүн  үстүндө  иш жүргүзө баштагандан бери кабары  чыкпай  калган эле. Эми минтип көлөкөдөн акырын чыгып жатканына караганда,  бир жылдан бери жөн жатпаганы көрүнүп турат. Буга иммунитет берип жаткандар кимдер экени көрүнүп эле турат. Илгертен кыргызда "Жоо аяган жаралуу" деген сөз бар. Ошондуктан бир эле Матраимов эмес башынан мамлекетке көзү түз эмес өз курсагынан башканы ойлобогон  мансапкорлордун өз жазасын бериш керек болчу. Бирок президенттин ички туюму күчтүү. Эч убакта  кырдаалды колдон  чыгарбайт.

- Парламенттин айрым депутаттары Баткендеги кайгылуу окуялардан да саясий пиар жасап, көнгөн адаттарынча “кет-кетти” кайра баштады. Ошол эле учурда, элден дагы: “Бул суу жүрөк депутаттар Баткенде согуш башталганда кайда жүрүштү эле? Түштөн кийин баатыр болуп, элге жан тартымыш болбой, жөн жүрсүн!”- деген дагы талаптар жаңырууда. Ошол эле кезде, парламентти “эшек жайлоого” айлантып жибергени, токсон депутатка алы жетпеген спикер Талант Мамытовдун кетишин талап кылган жарандар бар. Ошондо сиздин оюңузча, азыр Талант Мамытов эле спикерликтен кетип, депутаттар ишин улантышы керекпи же жалпы Жогорку Кеңеш таркатылсынбы?

- "Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт" деген сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай,  парламенттеги  депутаттардын  алтымыш пайыздан ашыгы   акчанын күчү  менен келген "атасынын балдары". Алар эл эмне, элдик нарк эмне экенин билеби. Курсагынан башканы ойлобогон бок курсактар да. Диктант жаздырып көрсө  баары чекеден эки деген баага жазарына ишенем. Булардын Баткенде  кан күйүп жатса жок дегенде  элге көңүл айтканга жарашкан жок. Эми түштөн кийин бир нерсе деп сүйлөгөнгө  моралдык акылары жок. Депутат кантип ушулардай болсун. Кайда эл ыйласа ыйлап арасында жүргөн   кайран Дооронбек Садырбаев. Ал эмес  Ош окуясында  ушул эле Ташиев, Жапаров баш болгон жигиттерибиз    ок кечип эл арасында болушпады беле. Чындыгында спикер баш болгон  айрым  ызы-чуу  депутаттар кетип калса деле, эл талаада калбайт.

- Баткенге азыркы бийлик губернатор кылып жиберсе, өз ишин эптей албагандан, качып кеткен Өмүрбек Суваналиев, кол коюп жиберген протоколу көп кесепетти алып келген Адахан Мадумаров, “Бириккен демократиялык кыймылдагы” Равшан Жээнбеков өңдүү саясатчылар УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетишин талап кылып жатат. Буларды максаты Ташиевди гана эмес, бүт бийликти кетирип, өздөрү кызматка келүү. Ошондо сиз бул саясатчыларды колдоп, Ташиевдин кетишин каалайсызбы? Же сиздин оюңузча, коомдук туруктуулукту бузууга аракеттенген ушул өңдүү саясатчылардын жоопко тартылышын колдойсузбу?

- Негизи  саясий алкакта  көп жылдан бери бир иштин өтөсүнөн  чыга албай тилдери эле сайраган арамза саясатчылардын күнү бүттү. Өмүрбек  Субаналиевдин эл арасы ооп-төгүлүп  турганда  азыркы келген  бийлик  үмүт менен бийликке  койсо иштей албай  качып кеткени  үчүн жооп бериши керек. Деги эле  кызматка келе жаткан адамдан эмне кыларын, кетип жаткан адамдан эмне  кылганын  сурап, ошого жараша жооп бере   турган учур келди. Бул менин сунушум. Болбосо кызматка келет, кетет. Жөн  эле "базар - вогзал". Жоопкерчилик жок. Бизде бирөөнү  сындатып эле койсо. Өзүң ордунда болсоң эмне кылат элең  десе  жооп бере алышпайт. Бирөөнүн  кемчилигин айтыш оңой. Бирок, иш жүзүнө  келгенде колдорунан коко тыйын келбейт. Равшан Жээнбековдо элге күйүү деген нерсе жок.  Ал жерден, бул жерден  кыйкырып  видеого илинип  батышка эсеп берип жаткан кези. Мадумаров  менен бийлик иштешкиси келип көп жоругун кулагынын сыртынан  кетирип жатканын сезбей жатат. "Сөздү  көп кайталаса  тантык болот" деген улуу сөз бар. Акыры адам эсине келип, эгер бийлик  "туура эмес"  болуп жатса  аны жеткирүүнүн  башка жолуна  түшүү керек го дейм. Кандай сөз болсо да  ал кыйкырык, кекетүү  менен айтылса  маанисин жоготот.

- Кечээ бир эмес төрт министр кызматынан  алынды. Бул жаштар ишти арталбай калганан кабар береби же маселе башкадабы?

-  Азыр таптакыр башка баскычта жашап жатабыз. Мурдагыдай  өзөгү толбогон, жетесинен жалчыбаган  ач көздөр бийликке келип алып тойгончо жеп-ичип тайраңдап жүрө  турган учур өттү. Ошондуктан азыркы кызматка  ким даяр эмес болсо  эл алдында  абийри  төгүлүп, чыгын жүзү  ачылат. Эл үчүн  иштөөнү  ким билбесе ал бийликте  көпкө  тура албайт. Элден алганды элге кайтара  турган учур келди. Аталарыбыз  айтчу эмес беле - "Элдин акысы  кое бербейт" деп. Эл үчүн  иштеп жатам деп айта беришет, бирок  эл үчүн иштөөнүн чыгы жолун баары эле биле бербейт. Алардын кеткенинен трагедия  жасоонун кереги жок. Буйруса, кезеги келгенде  аткаруу бийлигинин  баары  алмашат.