Баткен облусунда болгон акыркы окуяларга байланыштуу быйыл Ош шаарынын күнүн белгилөө токтотулду. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясы кабарлады. 

Андан сырткары, шаардагы бир катар майрамдык иш-чаралар жана салтанаттар да өткөрүлбөй турган болду.

2000-жылы президенттин жарлыгы менен Ош шаарынын 3000 жылдыгы салтанаттуу белгиленген. Ошондон бери 5-октябрда шаар күнүн белгилөө салтка айланган.

14-17-сентябрда Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларды бузуу менен кыргыз аймагына куралдуу кол салган. Анын айынан  140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.  62 кыргыз жараны курман болуп, 198 киши ар кандай жарааттарды алган.