Бүгүн, 3-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд 629 млн куб метрди түзгөнүн “Электр станциялары” ишканасынан билдиришти.
Анда айтылгандай, суунун агып келиши секундасына 251 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 197 куб метрге жетүүдө.