Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен эвакуацияланган Баткен тургундарынын 11 миңден ашууну үйлөрүнө кайта элек. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады. 

Анда айтылгандай, бүгүнкү күндө 125 миң 20 адам Баткен облусуна кайтты.

Жергиликтүү бийлик тарабынан үйлөрү жараксыз болгон жарандарга жалпы облус боюнча 8 мекемеде 64 бөлмө, 218 жеке жарандардын үйлөрү даярдалган.

Кырдаалдын кесепетинен 640 турак үй жабыркаган анын ичинен 423ү жашоого жараксыз болгон. 217си ондоп түзөөгө муктаж. Учурда облус боюнча 134 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 118 турак үй, жергиликтүү бийлик тарабынан 16 үй бузулду.