V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөөрүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасын Казакстандын маданият жана спорт министри Даурен Абаев кабыл алды. Эстафетаны Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Муххарем Касапоглу өткөрүп берди.