Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1-октябрдан тарта чек арада иштеген аскерлердин айлыгы эки эсе көтөрүлөрүн Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Жергиликтүү тургундар чек арачылардын айлыгын көбөйтүү маселесин көтөрүштү.

"16 миң сом айлык алып жаткандар эми 38 миң сом алат. Лейлек менен Баткенге эки коэффициент кошулат, ошондо алар 76 миң сом алышат", - деди Жапаров.

Акылбек Жапаров 29-сентябрда Лейлек районуна барды. Ал куралдуу кагылышта жабыркаган аймактар менен таанышууда. 30-сентябрда Баткен районунда болору расмий кабарланган.