- Батыштын мыкты окуу жайында окуп, анан ал жакта көп жыл иштеп келген Эдил Байсалов иним айтып калат: “Мен Кыргызстанга келсем, “Гиннестин китебине кирет элек”- деген башталып, ажиотаж боло башташыптыр. “Ой, койгула.  Гиннестин китеби деген батышта кадыр баркы төмөн. Ким бир отурганда канча көп пиво ичти. Кимдин муруту узун. Ким алыска заара ушата алат”- деген сыяктуу карапайым чөйрөнүн эрмек кылган китеби. Интеллектуалдар ал китепти колдоруна деле кармабайт. Ага Кыргыздын кадыр-барктуу баалуулуктарын киризет элек дештин өзү акылсыздык”,- деп канча айтып эч кимисине түшүндүрө албай келатам”, -  деп калат. Ушуну уккандан кийин мен да Гиннестин китебине кызыгып көрдүм. Чын эле так ошол Эдил иним айткандай экен. Эми ал китептин ичиндеги айрым “укмуштарды” жазышка, айтышка деле ооз барбайт. Анан ошолордун арасында Манасыбыз жүрсө кандай болот?

Айланайындар, “Манасты Гиннестин китебине киргизет элек.” дегениңерди токтоткулачы. Ушул Гиннесиңер Манаска жолобой эле койсунчу. Манас түгүл, аны айткан манасчынын деле бучкагына тең келүүчү китеп эмес. Ишенбесеңер өзүңөр Гиннес китеби, андагы маалыматтар тууралуу иликтеп окуп көргүлө. Элестеткиле, “Баланча бир отурганда баланча кг  кык таштаган”- дегендин жанында Манас жүргөнүн.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити