(Башталышы мурунку сандарда)

Мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды реформалап, цивилдүү дүйнөдө  калыптангандай  нормага келтирүү зарыл. Бизде сыйлыктар системасы советтик мезгилдин инерциясы боюнча ошондой типте түзүлгөн.  Алсак, “Манас” орденинин 1,2,3-деген үч даражасы бар. Ал советтик мезгилдеги  үчтөн даражалары бар - “Даңк”, “Улуу Ата Мекендик согуш” ордендеринин инерциясы менен эле түзүлүп калган. Бизде  Манас бирөө эле, аны үч даражага айландырып, биринчи, экинчи, үчүнчү деп турган  өтө эле өөн угулат.  Үч даражасын алгандар  советтик мезгилде “Даңк” орденинин  үч даражасын алгандардай, жазылбаган Баатыр катары эсептелишет.  Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, биздин улуттук баатырыбыздын ысымындагылардын үч даражасы биригип паренде Ак Шумкардын атын  алып жүргөн бир медалга тең боло албаганы  кыргыздар үчүн уят. Эгерде ордендердин санын эле көбөйтүү  керек болсо, “Манасты” даражаларга бөлүп отурбастан башкача аталыштардагы ордендерди киргизсе болбойбу? Манас биз үчүн бирөө эле, ал жалгыз бойдон гана калышы керек.

Азыр “эмгек сиңирген...”, “эл...” деген наамдардын түрлөрү отуздан ашык. Тармактардын баардык түрлөрү боюнча “Эмгек сиңирген артист”, “эмгек сиңирген куруучу”, “эмгек сиңирген сүрөтчү”, “эмгек сиңирген экономист”, “эмгек сиңирген мамлекеттик кызматкер” ж.б.д.у.с. Чоң даражадагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жөнөкөй элден айырмаланып, толуп жаткан артыкчылыктардан, жеңилдиктерден пайдаланышса, автоунааларынан телефон акыларына, айрымдарыныкы жашаган жайларына чейин бекер болсо, анан алар эл үчүн кызмат кылбаганда ким үчүн кызмат кылышы керек?  Алар үчүн “эмгек сиңирген мамлекеттик кызматкер” деген наам берүү ашыкча болуп саналат. Булар аздык кылгансып, айрымдар “эмгек сиңирген ишкер” деген наамды киргизүүнү талап кылышууда. Ишкерлер биринчи кезекте өздөрү байып, кирешелерин арттыруу үчүн иштешет. Көбү реалдуу кирешелерин жашырып, кош бухгалтерия жүргүзүп, мамлекетти да алдашат. Мындан чыкты анда “эмгек сиңирген үй кызматкери” деген наамды да киргизүү керек. Үч-төрт жакшы баланы тарбиялап чоңойткондун ишкерликтен да мааниси чоң.

Менин оюмча, “тармактык наамдардын баарын жоюп, “Кыргыз Республикасына эмгек сиңиргендиги үчүн” деген бир гана наамды киргизүү зарыл. Билишимче, Казакстан тармактык наамдардын көбүн жоюп, “Казак Республикасынын кайраткери” деген наамды киргизди. Ал  Баатырлыктан кийинки, элге, мамлекетке өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн  баардык тармактардын өкүлдөрүнө ыйгарылчу ардактуу   наам. Эгерде бизге тармактык наамдар ушунчалык эле зарыл болсо, аларды ыйгарууну  тармактык министрликтерге, ведомстволорго өткөрүп берүү  керек. Алар өздөрү тандап, талдап, ылайык көргөндөрүнө ыйгара беришсин. Ансыз деле алардын мактоо баракчалары, төш белгилери оңду-солду ыйгарылып келатат. Чындыгында эле мамлекет башчысынын ролун, ордун “Эмгек сиңирген коммуналдык кызматкер” деген наамды ыйгарганга чейин түшүрбөө керек. Чет өлкөлөрдө президенттер, Өкмөт башчылары  андай нерселерге аралашпайт.

Тилекке каршы, бизде сыйлыктарды ыйгарууда тааныш билиштиктерди, кызматтан пайдаланууларды мындай кой, айрым наамдардын сатылып келгени да чындык. Алсак, Бакай Сексенбаев комиссиянын жооптуу катчысына 4 миң сом бербегени үчүн наамдан куру калганын жадагыча  айтып да, жазып да жүрдү. Ал эми М.Миррахимовдун баласына Кыргызстанга келип иштегенине беш жыл толо электе  атасы Акаев менен жакшы мамиледе болгону үчүн эле Эмгек сиңирген врач деген наам берилген.

Өнүккөн  өлкөлөрдө мамлекеттик сыйлыктарга караганда айрым коомдук уюмдардын сыйлыктары абройлуу, барктуу, акчалай кошумчасы да  чоң. Алсак, Нобель, Пулитцер, Букер, Оскар  ж.б. өкмөттөр  эмес, жеке адамдар, коомдук уюмдар уюштурушкан. Адегенде аларга коомчулук чындап көңүл бурган деле эмес, бирок алардын уюштуруучулары, ыйгаруучулары калыстыктары, чыныгы таланттарды көрө билгендери менен дүйнөдөгү эң абройлуу сыйлыктарга айландырышты. Ал сыйлыкты ыйгаруучулар таланттарды өздөрү да издеп, ага чейин көңүл бурулбай келгендерди сүрөп чыккандары менен айырмаланышат. Эгерде “Руханиятты”  уюштуруучулар ошол принципти карманышса, эбак эле ал республикадагы эң абройлуу сыйлыкка айланып, башкалары биякта калмак. Бирок, аны уюштуруучулар келечекке караганда күнүмдүктөрүнө артыкчылык берип, жыйынтыгы мурдагы макалада  айтылгандай болду.

Менимче, КРнын Баатыры деген наам  мекенди коргоодо, коопсуздугун камсыз кылууда, анан жарандык эрдик көрсөткөндөргө, адам укуктарын жана демократиялык принциптерди коргоодо, кайрымдуулук, меценаттык иштерде, диндерди, этносторду баш коштурууда  өзгөчөлөнгөндөргө гана берилиши керек. Кыргызда илгертен “Баатыр” дегенде эл-жер үчүн өмүрүн тобокелге салганды, ынтымак жана биримдик үчүн кара жанын да аябаганды,  кээде адашып, аласалып кетсе да оюндагыларды дайыма ачык айтып, калыс  сүйлөп, таза жүргөндү,  эл үчүн колундагыларды бергенге даяр тургандарды  түшүнүшкөн. Бир кызматта көп отурганы, же кошоматчылыкты жакшы кылганы үчүн ал сыйлыкты ыйгаруу  элибиздин эзелтен келаткан насил-нарктарына  ылайык келбейт. Ата-бабаларыбыздын  рухтарына каршы иш кылбашыбыз керек. Улуттук нарктарга басым жасалып жатканда муну көңүлдөн чыгарбоо зарыл.

Ошентип,  биз акыбалыбыздын, түшүнүгүбүздүн жетишинче сыйлыктар, наамдар жөнүндө оюбуздагыларды айттык. “Талаштан тактык жаралат” дегендей, буга башкалар да  үн кошушса  ашыкча болбойт.

 

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити