Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл районундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошогондон кийин соцтармактарда аны камакка алынышы тууралуу маалыматтар жарыяланган.
Буга байланыштуу УКМК төмөнкүлөрдү билдирет:
"КР УКМК Президенттин Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулаймановдун кармалышы боюнча социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында тараган маалымат чындыкка дал келбестигин маалымдайт".