Депутат Жанар Акаевге билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевди кармоо учурундагы видео интернетке жарыяланганы жаккан жок. Ал бул тууралуу парламент жыйынында билдирди.
Ал Алмасбек Абытовго жана Министрлер кабинетине кайрылды.
"Кыргыз коомчулугунда абдан резонанстуу иш болду. Кайсы гана министр болбосун эгерде пара талап кылып, акча алган болсо, ал жазасын алышы керек. Бирок музыкаларды коштотуп ишкерлерди, министрлерди кармап, шоу жасаганды качан токтотосуңар? Билим берүү министри пара алган күндө деле мамлекеттик саясат, мамлекеттик идеология болуш керек да. Миңдеген мугалимдердин духу түштү, министрдин колун кайрып кармап кеткенден кийин, колу түшүп шалдайып отуруп калды, эми алар кантип сабак өтүшөт? Пара талап кылып, акча алган күндө дагы видеого тартып, музыка коюп, шоу кылбай эле чакырып "пара талап кылдың, ката кетирдиң, жумуштан арыз жазып кет" десе болот эле го. Министр пара алып жатса, окуучуларга кантип акыл айтат? Мугалимдердин үстүнө муздак суу куйдуңар. Кармалбаган министр калбады, ушинте берсеңер эч ким барбайт кызматка. Анча-мынча нерсени жашыруу керек", - деди ал.
Алмазбек Бейшеналиев чет элдик студенттерди жогорку окуу жайга кабыл алуу үчүн 110 миң доллар пара алып жаткан жеринен ИИМ тарабынан кармалган.