- Качкын байке, заставалар алынып, чыр- чатак да алдын алынды деп үмүт артсак болобу?

- Эгер ошол ачылган заставалар чек арада чектеш жашаган элибиздин тынчтыгына шек келтирбейт деген кепилдик болсо, анда Ташиев туура кылган болот. Эгер ушул келишим, протокол  чыр-чатакты алдын алса, Ташиевдин дипломатиясы ийгилик алып келген болот. Эгер чыр-чатак токтобосо анда Ташиевдин аракети суу кечпей калат.

- Заставалардын алынышы чек арадагы абалды оордотот дегендер дагы жок эмес?..

- Тажикстандын өндүргөн продукциясы өтпөй кантрабанданын жолу буулуп калган. Блокададан чыгыш үчүн алар ушундай баскынчылыкты кылышты. Эми заставалар алынгандан кийин тажиктер дагы кол салса, аларды аябай, өздөрүндөй жооп беришибиз керек. Алардын мусулманчылыкка жатпаган баскынчылыгына жараша жооп кайтарышыбыз шарт. Анткени, алар чек арадагы чектеш айылдарга кол салып, өтө мыкаачылык менен кылмыштарды кылып, тоок фермасы бар абышканы өлтүрүштү. Ошон үчүн өздөрүнө жараша жооп кайтарышыбыз керек.

Булак: “Майдан. kg” гезити