“Манас” эпосунда жоокер кыргыз эли “бөрү жалдуу кабылан”, ал эми Манас болсо, “арстан”, “ала барчын бүркүт” делип мүнөздөлөт. Чын эле, кыргыздар тоо бүркүтү сыяктуу эркиндикти сүйгөн эл. Кыргыз баласынын кыртышы сүйбөгөн, кабыл албаган, жек көргөн нерсеси – күнкорлук, көз карандылык, бирөөлөргө багынычтуу болуп күн көрүү, кулчулук. Кыргыз баласы жеке өзүнүн да, элинин да, мекенинин да кандайдыр бир күчтүн үстөмдүгүнүн алдында жашашын эч көтөрө албайт. Мындай абалды ал намысынын тебелениши, кордолушу катары туюнат. Ушундай туюмунан, ушундай ойлонуу ыгынан улам улуу “Манас” эпосундагы айтылуу Кошой баатыр: “Жан деп кудай жаратсаң, калмак, кытай, манжуунун, дегеле көзүн каратпа” деп теңирден тиленип турат.

Дегеле, байыртан берки тарыхыбызга карасак, чоочун үстөмдүккө баш ийбеген бунтарлык, моюн толгоп, каяша айткан кайраткерлик кыргыздын социалдык мүнөзүндө илгертен бар экендигин байкайбыз. Биздин замандын 7-8-кылымдарынын чектеринде көк түрктөрдүн империясынын үстөмдүгүн кабыл албай, ага каршы тымызын козголоңду даярдап жаткандыгы үчүн кыргыз каганы Барсбекке каршы империя күчтөрү тарабынан  согуш жарыяланган. Барсбек түн ичинде капысынан баскан жоо менен эркиндик үчүн кармашып жатып курман болгон. (711-жыл). Көк түрктөрдүн империясы кулагандан кийин анын ордуна орногон уйгурлар империясынын кулчулугуна каршы 20 жыл бою күрөшүп, акыры ал империяны кыйраткан да кыргыздар болгон (840-жыл). Мына ушундай «бүркүттүн» баш ийбеген намыскөй нравасы «Манас» эпосунда да уланып жатат. Каардуу Алооке хан кара таандай жайнаган калмак-кытай аскери менен Ала-Тоону басып алып, “Талдын баарын сулатып, тамдын баарын кулатып, кереге-уукту кыйратып, келин-кызды ыйлатып”, калктын башына кыяматты салып турганда, кыргыздын Текечи, Акбалта сыяктуу уулдары баскынчылардын зордугуна көнбөй, чыдабай: “Калкы тыргоот, манжууга, кантип сурак беребиз, кол куушуруп баш ийбей, койгулашып өлөбүз” дешип, козголоң, бунт чыгарышып, кырылгандан калган бир ууч журтту кытайдын сансыз аскерине каршы көтөрүлүшкө көтөрүп жатат. Мынакей, көз каранды тагдырды көтөрө албаган, көргүсү келбеген, көйкашка ар намыстын күчү. Ата бабаларыбыз чоочун күчтөргө сурак берип жашаган кулчулуктан керек болсо, өлүмдү артык көрүшкөн. Мына ошондуктан элибиздин ичинде “Коенду камыш өлтүрөт, эрди намыс өлтүрөт”, “Эр - намыстын кулу”, “Колдон намысты кетиргенче, канжыгадан баш бериш керек”, “Мал сактаба – ар сакта”, “Баатырдын баш ийгени – өлгөнү”, “Баатыр намыс үчүн төрөлүп, намыс үчүн өлөт” деген макалдар жашап калган.

Ушул патриоттук ар-намыстын духуна сугарылган макалдардын нугунда дагы ойлонсок, анда сөзсүз улуу Манас атабыздын өзүнө келип такалабыз. Азыркы эле “Баатырдын баш ийгени – өлгөнү” деген макалга карасак, Манас атабыз ушундай нуктагы ишеними жана жүрүм-туруму жагынан бала кезинен эле айырмаланган.

Бала баатыр Манастын кабары Бээжиндеги император Эсенканга жетет. Калмактын Тагылык дегени: «баатырдын баарын сомдоду, балбандарың сойлоду, Манас бирин да тирүү койбоду», деп жамандап жеткирип барат. Ачуусу келип, жини кайнаган Эсенкан «айласын тапсаң жайлап кел, айлалуу болсоң Манасты, акыры тирүү байлап кел», деп Дөөдүр алпты, Кайчы кулак каман алпты, Жолой дөөнү баш кылып, Алтайга аскер жөнөтөт. Жолой, дөө-шаалары менен Алтайдагы азганактай кыргызга заматтын ортосунда каптаган селдей кирип келет. Ошондо коркконунан сакал, чачы бириндеп, тула-бою дирилдеп, Жакып чал Манаска: «айтканына көнөлү, Алтайдан күткөн сан кара, баарын тартуу кылып берели» – дейт. Ошондо Манас Жакыпка мындай дейт: “Кокуй, ата, не дейсиң, жоого, намыс бергенче, ажалым жетсе өлөйүн, малым менен жанымды, олжого кантип берейин! Өлбөй тирүү жүргөндө, не мураска жетейин, калкым кыргыз, сен үчүн, курман болуп кетейин, найзалашып топ бузам, тагдыр жетсе окко учам!” Мына ошентип, жаш Манас жоо-жарагын байланып, кырк жолдошу менен кытай, калмакка кыргыйдай тийип, өзү келип катылган жоонун таш талканын чыгарат.

Эркиндик деген фундаменталдык  баалуулукту түшүнүү үчүн адам рухий, акыл – эс жагынан тиешелүү тепкичтерди басып өтүп, личность  деңгээлине өсүп келүүсү керек. Эркиндиктин зарылдыгын туюнуу, аңдап сезүү – бул өзүңдүн жана элиңдин кулчулук абалын түшүнүү жана аны менен келише албоо, күмкор абалга чыдабоо, кулчулукка каршы бунт дегенди билдирет. Эркиндиктин манызын чындап туюнуу жана боштондук үчүн күрөшкө чыгуу бул - адам духунун кулдук аң сезимдин үстүнөн болгон жеңиши болуп саналат. Эркиндикти асылнарк катары баалоого жетишүү бул-ошону менен бирге өзүнүн түркөйлүгүнүн, баё дүйнө кабылдоосунун үстүнөн болгон жеңиш   өзүн өзү жеңүү деген сөз. Эркиндикти кенири мааниде түшүнүу кажет.

Илгерки көчмөндүк - жоокердик доордо  жашаса да, Манас баатыр дал жогорудагыдай рухий-интелектуалдык бийиктикке  көтөрүлүп чыккан гениалдуу инсан-каарман. Ал үчүн атасы Жакыптын 40 миң жылкысы, сандыкка толо алтын-күмүшү кастарлап ыйык санай турган нерселер эмес. Анын ан сезими материалдык байлыктын кулчулугунан  кутулуп чыккан. Манастын ыйык санап, сыйынган бир гана дини бар. Ал – ак калпак кыргыздын азаттыгынын, ата журттун эркиндигинин улуу идеясы.

Бир сөз мене айтканда, эркиндик философиясын кимдир бирөө даярдап туруп, белен түрүндө Манаска белеке берген эмес. Элдик руханияттын өзөгүндө илгертен жашаган боштондук түшүнүгүн кабыл алууга, түшүнүүгө Манас ич жактан жетилип өсүп отуруп келген.

Эпостун сюжеттинен жана көркөм тексттеринен Манастын акыл-эси бала күнүнөн тартып өмүрүнүн акырына чейин тынымсыз изденүүдө, ар дайым бийик чыңалуу абалында болгондугу айкын туюлуп турат. Кыргызды бир кезде кыргынга учураткан, кытайлык Алооке ханга каршы аттанардын алдында Манастын абал-жагдайы бул: “Жаны калбай аянып, жатпай чыкты үч күнү, жалаң кылыч таянып, чыканак жерге салбады, чырм этип уйку албады”. Мына ушинтип, Манас кылычын таянып, үч күн, үч түн уктабай тирмийип ойлонуп, башын катырып, саргарып санаа чегип, тогуз толгонуп, өзүн өзү кыйноого салган.

Бала Манас эпосто “Пендеден артык туулган”, “баш териси, турпаты башка” делип мүнөздөлөт. Ошол табиятынан өзгөчө артык жаралган, “турпаты башка”, оргуштаган акыл жөндөмү менен Манас кулунчак кезинен эле алдыга суроо коюп, собол таштап, жооп издөөгө, жашоо-турмуш маселелерин талдап-талкуулоого ык алып, тарбиячылардын берген багытын чап кармап, зарыл коомдук-турмуштук түшүнүктөрдү бат кабылдап, тез түшүнүп, тереңдеги себептерди, тамырларды аңтарганга, алысты чапчып акыл тегереткенге адат алган. Бекеринен бала Манас жөнүндө “Хан Жакып айтып болгону,кайышып бала толгонду” делип эпосто айтылып жаткан жок.

Бала Манас атасынын айтып берген тарых сөздөрүнө гана кайышып толгонбостон, жергиликтүүлөрдүн «Тентип келген бурут, бул буруттун балдарын чуркуратып курут» деген басынткан сөздөрүн укканда да, кайышып толгонуп, ачуу чындыктарга

көзү ачыла берет. Ал эми Алтайга айдалып келген кыргыз чал-кемпирлердин «Кара өзөн кайда, бел кайда, аталаш кыргыз эл кайда?» деп ыйлаган арманын укканда жеткинчек Манастын жаш жүрөгү далай сыздаган.

“Ай, атаке, деп айтат, абалыңда кол салып, сизди келип камалап, урган калмак турбайбы”. Кулунчак Манастын оозунан чыккан ушул сөздөр, койгон суроосу, атасынын айткан тарых сабактарын анын жөн гана пассивдүү кабылдап отурбагандыгын, тескерисинче, ынтаалуу, активдүү кабылдагандыгын, жаш Манастын баш мээси кыймылдап, ичинде ойлонуу, толгонуу түйшүгү жүрүп, тарбиялануучуда субьективдүүлүктүн өсүш алып жаткандыгын астыртан күбөлөп берет. Бала Манас эпикалык жоо-калмак-кытайды “зордукчу” деп аныктайт. Мунун өзү Манастын акылында талдоо, баа берүү, этикалык ой толгоо процесстеринин жүрүп жаткандыгынын айгинеси.

Манас мына ушинтип, өз ичинен жетилип, инсандык өнүгүүнүн белгилүү бир тепкичине чыгып, анан эркиндик жөнүндөгү чоң философиялык маселени акыл талкуусуна салууга келген.

Бала кезинен терең ой жүгүртүүгө көнгөн Манас турмушту талдап келип, эркиндик деген нерсенин, боштондуктун, эгемендүүлүктүн жеке адам үчүн да, калайык-калк үчүн да, Ата журт үчүн да тагдырга тете иш экендигин,анын бу тирүүчүлүктөгү фундаменталдык маанисин аңдап туюнууга чейин көтөрүлгөн. Өзүнүн тажырыйбасы, тубаса курч акылы жана гениалдуу интуициясы менен Манас эркиндиктин жашоонун тузу жана маңызы экендиги жөнүндөгү ишенимге ээ болгон.

“Жанды азат кылалы”- дейт Манас досторуна. Бул акыл тереңдигинен оргуп чыккан өтө олуттуу сөз. Баатырдын терең логикасы боюнча жан азаттыгы болбосо адам пендеси да, эл да бейпилчиликте бутун кенен сунуп эркин жашай албайт. Өзүн эркин сезе албайт. Анан мына ушундай ички терең ишенимден чыгып, ар жерде чачылып калган кыргыз калкынын башын кошуу, бириктирүү, душманга каршы аеосуз күрөш ачуу, Ата журтту боштондукка чыгаруу, элдин башын азат кылуу, эгемендүү кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүү сыяктуу опол тоодой максаттарды, башкача айтканда, “чачылганды жыйноону, үзүлгөндү улоону, жоголгон жокту табууну, кулаалы жыйып куш кылууну, куранды жыйнап журт кылууну” – кечиктирилгис практикалык милдет катары өз алдына койгон. Бул милдеттер анын атуулдук, адамдык ар намысынын, абийиринин иши болуп калган. Демек, Манасты түп жактан жандуу мүрөк суусундай азыктандырып турган күч пайда болду. Ал күч - Манастын ичтен карманып, туу тутуп, сыйынган ыйык идеясы, бардыгынан жогору койгон эң бийик дөөлөтү. Ал ыйык идеядагы айталы,ак калпак калктын азаттыгынын, эркиндигинин, көз каранды эместигинин идеясы, ата журттун боштондугунун, эгемендүүлүгүнүн, журт биримдигинин улуу идеясы. Манас ушундай улуу мекенчил идеяны өзөгүндө сары майдай сактап, жүрөгүнүн толтосунда алдейлеп, көк асабадай желбиретип төбөгө көтөрүп, ушундай улут идеясы үчүн каруусун казык, башын токмок кылып, “тоодон кулаган таштай чимирилип”, өрт кечип улуу патриоттук күрөшкө аттанган.

Грек фольклорунда Прометей деген каарман бар. Ал өз элине асмандан кудайлардын уруксатысыз от уурдап келгендиги үчүн Зевс кудай тарабынан жазаланып, түбөлүк аскага чегеленип, кадалып коюлат. Өз элине жакшылык кылып, бирок түбөлүк азапка калган Прометей бүгүнкү гректердин эстутумунда өлбөс-өчпөс өрнөк катары сакталып келет. Прометей мифологиялык каарман. Ал эми Манас болсо, жердеги реалдуу турмуштун каарманы. Манас – кыргыздын Прометейи. Манас баскынчы душмандын айынан канга боёлуп, чабылып-чачылып, туш-тушка тарап, эл катары жоюлуу коркунучунда турган кыргыз элине, жоонун карасанатай каардуу, ташбоор мамилесинин аязына үшүгөн, тоңгон ак калпак кыргызга от уурдап келип берген улуу гуманист – патриот. Кылдын кырында кыйналып турган кыргыз эли Манас баатырынын отуна жылынган, сөөгү агарган. “Бири эренге, бири тереңге, бир Алтайга, бири Каңгайга тентип, ар кай жакка чачылган кыргыз шер Манастын боштондук үчүн каарман күрөшүнүн аркасында Ала-Тоо ата журтуна кайрадан топтолуп, чачылганы жыйналып, үзүлгөнү уланып, жоголгон жогу табылып, эркиндикке чыгып, эгемендүү журт болгон. “Кулаалы жыйып Куш калдым, куранды жыйып журт кылдым” деген Манастын сөзү ушундан чыгат. Ошон үчүн кыргыз калкынын өз кулуну – Манас баатырга болгон алкышы чексиз. “Манас” деген улуу поэма кыргыз элинин алкышынан жана урматынан жаралган. Манас Атанын Прометей сыяктуу улутуна жагып берген оту бүгүн да коломтобузда жалбырттап күйүп турат. “Улутум кыргыз, урааным Манас!” дейт ак калпакчан калк.

Манас Атанын эркиндик идеалдары жана мекенчилдик, патриоттук рух салты бүгүн уланууда. Эгемендүү Кыргызстандын армиясынын жоокерлери – Манастын урпактары Тажикстандын куралдуу агрессиясынын учурунда Ала-Тоо мекенин каармандык менен коргоп калышты. Эркин Ата мекен бардыгынан жогору улуу баалуулук. Эркин журтум үчүн жанымды курман кылайын дейт кыргыз жоокери.

Советбек Байгазиев, Булак: “Майдан. kg” гезити