- Камчыбек Ташиев күйүп жаткан өрттү токтотуп, боло турган ызы-чууну алдын алдыбы?

- Конфликтти  убактылуу болсо да токтотуш үчүн мындан башка жол жок болчу деп ойлойм.  Чек араны ачуу Тажик тараптын максаты болсо, биз тараптыкы согушту токтотуу болчу. Менимче, эки тарапка тең ыңгайлуу шарт түзүлдү деп ойлойм.

- Айрымдар Ташиевди чыккынчылык кылды дегендей ойду да айтып жатышат го?

- Жеке менин оюм боюнча, Ташиев эч качан андайга барбайт жана да конфликтти ырбатпаш үчүн туура эле жолго барды.

Булак: “Майдан. kg” гезити