- Кыргыз-тажик чек арасындагы 4 постту алып салуу менен Камчыбек Ташиев күйүп жаткан өрттү токтотуп, боло турган ызы-чуунун алдын алдыбы?

- Чынында, көпчүлүгүбүз иштин жагдайын жакшы билбей эле алыстан туруп чыркырай берет экенбиз. Көп жылдан бери ошол жерде жашагандар бул жагдайды туура деп эсептеп жатышкандан кийин демек, маселе туура чечилген. Албетте, чек ара кайтаруусуз калбайт. Бирок бул маселе деле убактылуу болгонун эстен чыгарбайлы. Андыктан маселе толук чечилди деп айта албайбыз, көйгөй көйгөй бойдон калды. Андыктан бул чек ара маселесин интенсивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп биротоло чечүү зарыл. Жыл сайын эле айылдарыбыз жабыркап, жарандарыбыз курман болуп жаткандыгы жаныбызды кейитет. Сүйлөшүүлөр ачууга алдырбай, маселе убактылуу болсо да ушундай чечилген жакшы кадам болду. Эми дагы акыл калчашып маселени эки тарап чечет деген үмүттө туралы.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити