Ички иштер министрлиги билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин пара алып жатканда кармалган видеосун жарыялады.
"Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. ИИМдин кызматкерлери пара алуу учурунда билим берүү жана илим министри Б.А. кармашкан.
Азыркы учурда чет өлкөлүк студенттерди Ата Мекендик жогорку окуу жайларга кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110000 АКШ доллары) пара алуу фактысы иликтенүүдө. Кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча бардык толук маалыматтар берилет", - деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.