Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык,  Илияз Иманбетов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин сайтында жарыяланды.