- Заставаны ачып, Камчыбек Ташиев күйүп жаткан өрттү токтотуп, боло турган ызы-чуунун алдын алдыбы?

- Оболу тактап алалы. Эч кандай 4 застава тууралуу кеп жок, болгону 1 застава жана 3 пост тууралуу сөз жүрүп жатат. Баары Ак-Сай менен Ворухтун айланасында. Ошол застава опурталдуу деп табылып (эки тараптын пикири), мына ушундай убактылуу чечимге келишиптир. Кайталайм, бул делимитация жана демаркациянын соңуна чейинки эле бүтүм.

Ак-Сайдагы “Тамдык” жана тажик тараптагы застава бардык чыр-чатактардын  очогу болгонун тактап чыгышты. Эми ал заставанын ордуна милициялык пост  жайгаштырылат экен эки тараптан тең. Ооба, өрттүн тутанып күйүп кетпеши үчүн деген үмүт менен. Эң кызыгы - мына ушул жерлердин айланасында эл жашабаганында.

Эгерде Дүйшөмбү кытмыр ойуна чыбык урбаса, заставаны алып саласыңбы, чыңдайсыңбы, баары бир иттигин кыла берет. Албетте, сүйлөшүүлөрдүн экинчи айтылбаган жагы болот. Биз тарап да, ал тарап да чек араны чыңдоону катуу улантышат. Баткенге аскердик күчтөрдү тартуу жагы айтылмак беле. Тигилер деле ушундай ыкма менен  “хоп майлинин” аркасындагы иштерин жасай беришет.  Эгерде кудай жалгап чек араны тактап алсак, балким бир топко жеңилирээк болор. Бирок ошондо деле бул маселе толугу менен чечилбейт. Анткени, бул дүйнөлүк маселе. Көп жерлерде ал кылымды карытып жашап келет, кечээкиден сабак албай. Мисалга, өткөн жылкы окуяларды унутуп калышкансып, бүгүн кайрадан жетип келишпедиби точиктер... Анткени, диктатордук бийликтин кезинде дайыма ушундай боло берет. Экономикалык, социалдык  кыйроолордун учурунда элдин көңүлүн буруп кетүү үчүн диктаторлор дайыма мына ушундай жерден “чакан  согушту” ачышып, мекенчилдикти бетке тутушуп “иттик” кылып келишет. Демек,  “гүлдөйжандан”  али ыраакпыз... Окемдер айтмакчы “хотели как лучше, получился как всегда!”