Инфляция – экономикалык өсүштүн душманы. “Күндө туусам, күндө жок, ушундай беле дүйнө бок”- демекчи, атың өчкүр инфляциянын  көтөрүлгөн пенсия, маяналарды жокко чыгарып салмайы бар. Инфляция экономикалык жактан күчтүү өлкөлөрдүн да айласын кетирип келет. Бирок бизге окшогон экономикалык жактан анчейин эместердин айласын алты кылып, экономикалык өнүгүү, өзгөрүүлөрдү заматта  жокко чыгарып салат тура.

Тилекке каршы, алдыда бизди инфляция дагы тооруйт экен. Бул тууралуу «Азиянын өнүгүүсүнүн перспективасы» деген докладда айтылды. Анда 2022 жана 2023-жылдары Кавказ менен Борбордук Азия мамлекеттери арасында Кыргызстанда инфлфциянын деңгээли эң жогору болору белгиленди.

Ушул жылдын жыйынтыгы менен өлкөдөгү баалар 15 %га, 2023-жылы 12 %га көтөрүлөт экен. Экинчи орунда Түркмөнстан болсо, үчүнчү орунда Өзбекстан болушу күтүлүүдө. Жалпы алганда, инфляциянын деңгээли Кавказ жана Борбордук Азияда бул жылы 11,5 %, келерки жылы 8,5 % болушу ыктымал.

2022-жылдын алгачкы жети айында Кыргызстандагы инфляциянын деңгээли 13 %ды түзүп, ал негизинен дүйнөдө тамак-ашка, электр энергиясына болгон баалардын кымбатташынан улам болсо, ушул жылдын март-апрель айларындагы сомдун долларга карата кунунун түшүп кетүүсү да инфляциянын өсүүсүн шарттаган.

Булак: “Майдан. kg” гезити