Өлкөбүздүн туризм тармагынын потенциалы чоң экенин айтып, жазып келебиз. Мамлекетибизге канчалык туристтер көп келсе, ал экономикабызга кыйыр да, түз да түрүндө салымын кошуп, элибиздин жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берери бышык.

Жагымдуу аба-ырайы себеп болдубу, же туризм тармагын жакшы рекламалай алдыкпы, айтор 2022-жылы Кыргызстанга сырттан  келген эс алуучулардын саны кескин көбөйдү. Азия өнүктүрүү банкы ушул жылдын 7 айында өлкөбүзгө 3,8 млн. турист келип кеткенин маалымдады. Бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 2 эсеге көп.

Маалыматта айтылгандай, туристтердин көп келгенинен улам кызмат көрсөтүү тармагындагы өсүш 3,5 %га жетсе, коомдук тамактануу менен мейманка бизнесинде 12,5 %га өсүш болгон. Көрүнүп тургандай, туристтер көп келсе, аларды тейлеген ишкерлердин кирешеси артат, алардын жашоо шарттары жакшырат, бюджетке түшчү салыктардын көлөмү  өсөт.

Быйылкы жылдагы эс алуу сезону Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү жаман эместигин көрсөттү. Албетте, бул акыркы чек болбошу керек. Сервисти жакшыртуу, реклама иштерин күчөтүү менен туристтерди санын мындан да көбөйтүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Туристтерди жайкы сезондо эле күтпөй, алардын жылдын бардык мегилинде келип, кетүүлөрүнө  жетишибиз зарыл.

Булак: “Майдан. kg” гезити