- Калдарбек агай,Тажикстандын президенти террористтик топторду жалдаганы ачыкка чыгып калса да неге жалган маалыматтарды берип, жанталашып жатышат?
- Баары түшүнүктүү да. Карапайым тажик эли да, көпчүлүк аскер адамдары да согушту каалабайт, өзгөчө миң жылдан бери коңшу жашаган кыргыздар менен согушканды каалабайт деп ойлойм. Ошол эле учурда өлкөдө элдин жашоосу оор. Эл көр оокат көйгөйү менен алек. Ошону билген Рахмон террористтерди жалдашы мүмкүн.
Туура эмес маалымат менен Рахмондун бийлиги дүйнөлүк коомчулук алдында өзүнүн канкордук саясатын жылмакайлап жатат. Бирок ийнени жаздыкта каткандай эле жалган маалымат бир күнү көзүнө сайылат. Эң жаман жери Рахмандын калпында деле эмес, түбөлүк тынчтыкта жашап, кыз алып кыз беришкен бир тууган кыргыз тажик элдеринин ортосуна от жагып тарыхта болбогон согуш ачып, эки элди бири бирине душман кылып кетип жатканы. Балдар неберелер кийинки муундар 100 жылдар өтсө да унутпай турган эки элге өтө оор жүк калтырап жатканында.
Ошону Рахмон паша унутпаса, душмандардын куурчагы болбосо дейм. Кыргыз жаштары бүгүн бул эркиндикке сугарылган эл, токтото алгыс сел, толкун, курал менен токтото албайсың. Жүз миң кызуу кандуу жаштар кирип барса техникаң да, аскериң да токтото албайт. Бөдө кыргында элибиз кырылат, жеңген жак болбойт. Бийлигиңен мөөнөтүнө жетпей жыгылат. Ошону унутпасак.
Тажик кыргыз кылым карыткан байыркы элдер. Канчалаган тарыхта улуу адамдар жашап өткөн ыйык бейиштей жерди жердейбиз. Ошого шүгүр кылалы. Жер баарыбызга жетет, ашат. Жер талашпай биримдикте бир тууган болуп алга жылалы, өнүгөлү. Бир тууган карапайым тажик элине бекем эрк, Каныкей апабыздын акылын, олуялыгын каалайт элем. Кыргыз элиме Манас атабыздын айкөлдүгүн каалайт элем. Биз биримдикте гана өнүгөбүз. Согуш бул туңгуюк. Баарыңарга бекем эрк, акыл- эс, ден соолук каалайм!