Эксперт Асанбек Алымкожоев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу эки өлкөнүн атайын кызмат башчылары кол койгон протокол тууралуу пикирин билдирип жатып, кандай учурда болбосун элдин тынчтыгы биринчи орунда тураарын белгиледи.
"Кыргыз-тажик чек арасында согуш болду, тажик тарап куралдуу күчтөрүн колдонду. Чындыгында, кыргызга согуштун кереги жок. Бирок согушту тажик тарап каалады, даярданып кол салган тажик тарап болду. Канча үй, мектеп, бала бакча, заставалар өрттөндү. Канча адам каза тапты. Булардын баарын эл аралык журналисттер менен дипломаттарга жакында алып барып көрсөтүштү.
Ал эми 42-протокол - эки тарап тең бир келишимге келиши керек болчу. 4 заставаны алып коелу дешиптир, бир пикирге келип, согушту токтотолу дешкендери туура. Кыргыз элине кайрылат элем, ушундай кыйын кезде бири бирибизди чукушканды, кет дегенди токтотуп, чек арачылардын, жоокерлердин, аларды баштагандардын артына бириксек, күч болуп турсак. Аларды жамандабайлы. Биздикилер баатырдык көрсөтүштү, алар болбогондо тажиктер Баткенге чейин кирип келмек. Жанын аяшкан жок.
Айтканды туура түшүнөлү, протоколго кол коюлдубу - азыр ок атышуу токтоду, тынчтык орной баштады. Анда он күндүн ичинде чек ара тилкесинен чек арачылардан башка күчтөр чыгарылып кетиши керектиги айтылган. Ал да аткарылат", - деди Асанбек Алымкожоев.