“Манастын уулу Семетей” тасмасы коомчулукта зор кызыгуу жаратып, азыркы учурда кино театрларда көрсөтүлүүдө. Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын алдындагы лицейдин окуучулары уюшуп “Ала-Тоо” кинотеатрынын 350 орундуу чоң залын, 150 орундуу кичи залын толук ээлешип “Манастын уулу Семетей” тасмасын көрүштү.
“Тарыхы болбой эл болбойт” дегендей элибиздин басып өткөн жолун, тарыхын, каада-салтын даңазалап, жаш муундарга жеткирүү биздин ыйык милдет. Дүйнө жүзүнө белгилүү үчилтигибиз патриоттук тарбия берүүнүн өзөгүн түзөт. “Манастын уулу Семетей” улуу “Манас” эпосубуз боюнча тартылган биринчи көркөм тасма. Аны ар бир кыргыз жаш мууну көрүп, улуу мурас чыгармабыз тууралуу кенен маалымат алуусу Мекенин сүйүүгө, патриоттук духта тарбияланууга үндөйт. Жаштар кинону зор кызыгуу менен көрүшүп, эпос тууралуу кеңири маалымат алышты. Бул тарыхый баалуу тасма алар үчүн абдан кызыктуу жана пайдалуу болду. Тасманын продюсер Төлөбеков баш болгон чыгармачылык топко чын жүрөктөн ыраазылык билдиребиз", - дейт окуу жайдын окуу-тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Чолпон Болотова.
"Бир күн мурда мага “Ала-Тоо” кино театрынан тасмабыздын чоң залга ылайык форматтагы вариантын сурашып, бир мектептин окуучулары уюшуп киного келишээрлигин билдиришти. Айрым актёрлор менен барып, окуучулар менен кино туралуу кызыктуу пикир алыштык. Андан көп өтпөй политехникалык институттун стеденттери уюшуп “Манас” кинотеатрына келип тасмабызды көрүшкөнүн билдиришти. Окутуучуларынын, тарбиячыларынын демилгелери менен мектептердин жогорку класстарынын, лицей-колледждердин окуучулары, жогорку окуу жайдын студенттери уюшуп элибиздин улуу тарыхын чагылдырган эпос негизиндеги тасмага топтошуп келе баштагандыгы бизди кубантты", - дейт тасманын продюсери Өмүрзак Төлөбеков.