- “Бириккен демократиялык кыймыл” билдирүү таратып, Баткендеги согушка күнөөлөп, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин отставкасын талап кылды. Буга сиздин пикириңиз? 

- Билдирүү шашылыш болуп калды. 

Биринчиден, ал согуштун келип чыккан себептерин, бийликтин аракеттерин толук, терең талдап чыгуу керек. Ошондон кийин гана кимди кетирүү маселесин көтөрүшү зарыл.

Экинчиден, мүмкүн, бийликтен кемчилик аныгында кетти. Эмнеге анда, оппозиция биринчи кезекте КР Министрлер кабинетинин башчысынан маалымат сурабады? Баткендин элине биз миң мертебе ыраазы болушубуз керек. Отставка талап кылса, дал ошол сүйүктүү Баткендин элинде гана укугу бар! Көп кемчиликтер кетти, аны мен ачык айтам. Ошол кезде мисалы өкмөт башчынын кайда жүргөнүн билбейт экенмин. 

Үчүнчүдөн, Баткенде дайыма кара башын сайып маселе чечип жүргөн Камчыбек Ташиевдин отставкасын талап кылуу акылга сыйбайт. Мекен, эл үчүн башын тобокелчилике сайды. Башка бир адамды көргөн жокмун, мынчалык элге күйгөнүн! Ошондуктан, мен бул билдирүүнү колдобойм!