26-сентябрда Кыргызстан жана Тажикстандын атайын кызматынын башчылары протоколго кол коюшту. Анын максаты - чек ара аймагындагы ок атышууну токтотуу жана кырдаалды турукташтыруу экенин Камчыбек Ташиев билдирди.
Саясат талдоочу Бактыбек Жумагуловдун айтымында, чек арага байланышкан бардык маселелерди сүйлөшүү аркылуу чечүү керек.
"Бүгүнкү жетишилген макулдашуу жана №42 протоколду чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүүгө болгон биринчи аракет катары кароого болот. Дипломатия - бул тынчтыктын негизи. Дипломатия жолу менен гана мамлекеттик чек аралардын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин чечүү зарыл. Бүгүн жетишилген макулдашуулар - коңшу мамлекет менен бардык маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салууга багытталган таасирдүү кадамдар", - деди Жумагулов.