26-сентябрда Кыргызстан жана Тажикстандын атайын кызматынын башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов протоколго кол коюшту. Протоколдун максаты - чек ара аймагындагы ок атышууну токтотуу жана кырдаалды турукташтыруу экенин Камчыбек Ташиев белгиледи.

Чек ара кызматынын ардагери Болот Айтмаматовдун айтымында, №42 протокол тактикалык планда Кыргызстанга пайдасын берет. 

"Биз үчүн пайдалуулугу- тажик тарап өздөрүнүн чек ара постторун алышты. Алардын пунктары жакшы жерлерде жайгашкан болчу. Биз өз кезегибизде биз үчүн ыңгайсыз жерлерде жайгашкан постторду алып салдык. Азыр эл кооптонуп, чек ара аймагындагы жерлерибиз эмне болот деп отурушат. Мен тынсызданууга себеп жок деп ойлойм, анткени, башка чек ара пунктары бар жана, бардык жерге видеокөзөмөлдөр орнотулат, дагы башка чаралар көрүлөт. Чек арага көзөмөл жогорку деңгээлде болот деп эсептейм.

Бул протокол эки тарап үчүн тең маанилүү. Коркунучтуу согуштан көрө жаман тынчтыктын болгону жакшы. Туруктуулук баарыбызга керек", - деди Айтмаматов.