- Коомчулукта кыргыз-тажик чек арасындагы 3 пост менен бир заставанын алынып салынышын колдогондор да, сындагандар да чыгып жатат.  Камчыбек Ташиев чыр-чатакты алдын алуу үчүн протоколго кол коюп туура кылдыбы?

- УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев туура чечим кабыл алды. Чек арада жашаган эки өлкөнүн эли түшүндү. Карым-катнашты, тынчтыктын баркын билишти. Мындай кадам чек арадагы тынчтыктын өбөлгөсү болуп берет. Кыскасы, Камчыбек Ташиев эң сонун чечим кабыл алды. 3 пост, 1 заставанын алынып салынышын эки тараптын эли колдогону жакшылыктын белгиси.

Камчыбек Ташиев көчөдөгү жумушу жок Исмаил Исаковго окшогон пенсионер эмес. Ал  өлкөдө экинин бири. Чек ара күч органдарынын куратору генерал - лейтенат, кыргыз Эл баатыры. Көп жылдар элдин кызматында жүргөн адам. Депутат, фракция лидери, министр болгон. Ал киши жоопкерчиликтүү. Эмнеге кол коюп атканын жакшы  билет.  Ал эми айрымдар  "протоколго кол койуп, минтип салды, антип салды, эми мындай болушу мүмкүн" деп божомолдой бергени уят. Сын айтыла берет. Муну тажик тарап байкап атат. Исмаил Исаковдун жыра тартып коомчулукка тетири трактовкалап атканы - коңшуларга тажиктердин пайдасына болууда. Генерал башы менен билип туруп атайын шантаждагансып элге, тажиктерге угуза сүйлөп, атайы тетири түшүнүк берип турганы уят.